БАЛДАРГА АРНАЛГАН АДАБИЙ ПОЭТИКАЛЫК ЧЫГАРМАЛАР БОЮНЧА АВТОРЛОРДУН ЭМГЕКТЕРИНЕ СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия «2026–2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү» программасын ишке ашыруунун алкагында кыргыз тилинин өнүгүүсүнө багытталган 3-12 жаштагы балдар үчүн үч тилдеги (кыргыз, орус, англис) музыкалык түстүү, балдар ырларынан турган басылмаларды тандап алуу үчүн сынак жарыялайт.
1. Сынактын максаты
Сынактын негизги максаты – мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө жана колдонуу чөйрөсүнүн кеңейишине өбөлгө түзгөн, кыргыз тилиндеги заманбап, сапаттуу жана мазмундуу басылмаларды башка тилдерге которуп, үч тилде даярдоону колдоо. Кенже курактагы 3–12 жаштагы балдардын мамлекеттик тилди өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтүү, кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу жана кыргыз маданиятын башка тилдер аркылуу таанытуу. Балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык мазмун даярдоо, улуттук оюндарды камтып, балдардын сөз байлыгын өстүрүп мамлекеттик тилге кызыгуусун арттыруу, кыргыз тилин улуттар аралык баарлашуу тили катары жайылтууга көмөк көрсөтүү, үй-бүлөлүк окууну жана биргелешкен чыгармачылыкты колдоо.
2. Сынакка катышуучулар
Сынакка төмөнкүлөр катыша алышат:
- Балдар адабияты боюнча авторлор;
- илимий кызматкерлер;
- басма үйлөр;
3. Сынакка сунушталуучу эмгектерге коюлуучу талаптар
Сынакка сунушталган эмгектер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- алгач кыргыз тилинде жазылган болушу;
- ар бир ыр 2-3 куплеттен кем эмес болуп, жалпы ырдын саны 30 болууга тийиш. Алардын ичинен 3/1 бөлүгүнүн музыкалык коштоосу (обону) жана обондуу ырлардын YouTube каналына QR код шилтемесинин болуусу шарт.
- бардык 30 ырдын орус, англис тилдеги котормолорунун болушу;
- 3-12 жаштагы балдарга ылайык болушу;
- улуттук баалуулуктарды, каада-салт жана улуттук оюндарды камтышы;
- мазмуну илимий же көркөмдүк жактан негиздүү жана актуалдуу болушу;
- автордук укуктар толугу менен сакталган болушу;
- адабий тилдин нормаларына жана орфографиялык эрежелерге жооп бериши;
- басууга толук даяр түрүндө сунушталышы.
- жаш өзгөчөлүгүнө ылайык даярдалган болушу;
- ар бир ырдын сапаттуу иллюстрациялар менен коштолушу;
- билим берүүчү жана тарбиялык мааниге ээ болушу.
4. Тандоо критерийлери
Сынактык комиссия сунуштарды төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:
- чыгарманын актуалдуулугу;
- мазмунунун сапаты жана көркөм деңгээли;
- кыргыз тилинен орус, англис тилине которулган котормонун сапаты;
- жаңычылдыгы жана оригиналдуулугу;
- окурмандар үчүн жеткиликтүүлүгү;
- практикалык колдонуу мүмкүнчүлүгү;
- басууга даярдыгы.
5. Талап кылынуучу документтер
Катышуучу төмөнкү документтерди тапшырат:
- сынакка катышуу жөнүндө арыз;
- чыгарманын электрондук жана басма варианты;
- чыгарманын кыскача аннотациясы;
- автор жөнүндө маалымат;
- автордук укук боюнча кепилдик кат;
- юридикалык жактар үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
6. Сынакты өткөрүү тартиби
Сынак эки этап менен өткөрүлөт:
I этап – документтерди жана чыгармаларды кабыл алуу (10.08.2026 – 24.08.2026).
II этап – техникалык кароо жана эксперттик комиссия тарабынан мазмундук баалоо (24.08.2026 – 03.09.2026)
Зарыл болгон учурда комиссия катышуучуларды өз эмгегин презентациялоого чакырууга укуктуу.
7. Жеңүүчүлөрдү аныктоо
Жеңүүчүлөр сынактык комиссиянын чечими менен аныкталат.
Жеңүүчү деп табылган эмгектер сатып алуулар мыйзамында каралган тартипте басылып чыгарылат.
Комиссия айрым эмгектерди кайра иштеп чыгуу боюнча сунуш берүү укугун өзүнө калтырат.
8. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү
Документтер жарыя расмий жарыяланган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде (24-августка чейин) кабыл алынат.
9. Документтерди кабыл алуу дареги
Дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти – 265 а, КР УИА, 3-кабат, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия
Телефон: (0312) 64 10 95; 0553 653 501
Электрондук почта: mamtilvideo@gmail.com
Расмий сайты: mamtil.gov.kg
10. Кошумча маалымат
Сынакка катышуу акысыз жүргүзүлөт.
Сынактын жыйынтыгы уюштуруучунун расмий интернет-ресурсунда жарыяланат.
Сынакка байланыштуу бардык суроолор боюнча уюштуруучуга жумуш убактысында кайрылууга болот.
Сынактын жарыяланган күнү: 10-август, 2026-жыл.