Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан сынак жарыяланат

ЖАРЫЯ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан «Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасынын алкагында 37-пункту (2-абзацы: - кыргыз тилинде энциклопедиялык басылмаларды, адабий жана илимий басылмаларды чыгаруу; 5-абзацы: - кыргыз адабий тилинин жаралышы жана өнүгүшү жөнүндө басылмаларды (илимий монографияларды) басып чыгаруу), ошондой эле 53-пункту (балдарга арналган адабий жана энциклопедиялык басылмалар) боюнча авторлор же түзүүчүлөр тарабынан даярдалган китеп болуп басып чыгарылуучу эмгектерге 2024-жылдын 15-апрелден 1-июнга чейин конкурс жарыяланат. 

    Дареги: Бишкек ш., Ч. Айтматов проспекти - 1/2, 4-кабат, 421-кабинет.

     Байланыш телефондор: (0312) 21 01 55; 0550 170 163; ulut_ensk@mail.ru




Бекитем                               

КР Президентине караштуу  

Мамлекеттик тил жана тил саясаты 

боюнча улуттук комиссиянын тѳрагасы 

______________  М. Мураталиев

« 15 » апрель, 2024-жыл 


«Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасынын 37-пунктун (2-абзац: - кыргыз тилинде энциклопедиялык басылмаларды, адабий жана илимий басылмаларды чыгаруу; 5-абзац: - кыргыз адабий тилинин жаралышы жана өнүгүшү жөнүндө басылмаларды (илимий монографияларды) басып чыгаруу), ошондой эле 53-пунктун (түстүү иллюстрациялуу, интерактивдүү балдар китептерин чыгаруу) аткаруу максатында   китептерди басып чыгаруудан мурда кол жазмаларды тандап алуу үчүн жарыяланган конкурстун

                                      ЖОБОСУ

  1. Жалпы жоболор

1.1.      «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын (17-июль, 2023-ж. №140) жана «Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасынын  37-пункту (2-абзацы) жана 53-пунктунун  аткарылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары – Улуттук комиссия) тарабынан энциклопедиялык басылмалар, көркөм адабий жана илимий басылмалар, котормолор, ошондой эле балдарга арналган энциклопедиялык басылмалар жана адабий чыгармалар үчүн жарыяланган конкурстун жобосу (мындан ары – Жобо) иштелип чыкты.

1.2.      Жобо жогоруда аталган улуттук программанын алкагында жарык көрө турган илимий жана көркөм адабий чыгармаларды («Азыркы адабият»«Дүбүрт»«Дүйнѳлүк адабият»«Дүйнѳ» сериялары), котормолорду, балдар үчүн иллюстрациялуу жана интерактивдүү китептерди, методикалык колдонмолорду жана сөздүктөрдү басып чыгаруу үчүн жарыяланган конкурстун  тартибин жана шарттарын аныктайт; 

1.3.      Конкурс КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан эки айлык мөөнөттө ѳткѳрүлѳт. 

2. Конкурстун максаты:

2.1.      «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын (17-июль, 2023-ж. №140) жана  «Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасын аткаруу;

2.2.      Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө өлкөбүздүн мектепке чейинки билим берүүчү мекемелеринде балдарды мамлекеттик тилде окутууга арналган мыкты усулдук колдонмолорду, тармактык энциклопедияларды, көркөм чыгармаларды, ошондой эле хрестоматияларды, сөздүктөрдү ж. б. басмадан чыгаруу;

2.3.      Акын-жазуучуларга, жаш калемгерлерге жана котормочуларга чыгармачыл дем берүү жана колдоо;

2.4.      Кыргыз маданиятын жана адабиятын даназалоо менен бирге мамлекеттик тилди өнүктүрүү;

2.5.      Дүйнѳлүк адабияттын мыкты үлгүлѳрүн которуу аркылуу котормо ишине өбѳлгѳ түзүү. 

3. Конкурстун талаптары:

3.1.      «Азыркы адабият» сериясына коюлган талаптар:

  • Чыгармалар КР Улуттук жазуучулар союзунун сунуштамасы менен кабыл алынат жана автор жазуучулар союзунун мүчөсү болуусу кажет;
  • Мурда жарык көрбөгөн чыгармалар гана кабыл алынат;
  • Эмгек тууралуу көрүнүктүү сынчы-адабиятчылардын (рецензенттердин) пикири болуусу зарыл.
  • Көлөмү 100–300 бет болуусу шарт.

3.2.      «Дүбүрт» сериясы боюнча коюлган талаптар:

  • 1535 жашка чейинки курактагы авторлордун мурда жарык көрбөгөн чыгармалары гана кабыл алынат;
  • КР Улуттук жазуучулар союзунун же башка адабий клубдардын сунуштамасы жана көлөмү 50–150 бет болуусу шарт.

3.3.      «Дүйнѳлүк адабият» сериясына коюлган талаптар:

  • Дүйнѳлүк адабияттардан кыргыз тилине которулган чыгармалар кабыл алынат;
  • Мурда  которулбаган, б. а. биринчи жолу которулган чыгармалар болууга тийиш;
  • Көркөм-эстетикалык, адеп-ахлактык жагынан кыргыз адабиятынын мыкты салттарына шайкештиги бааланат;
  • Көлөмү 100–300 бет болуусу шарт.

3.4.      «Дүйнѳ» сериясына коюлган талаптар:

• Кыргыз адабиятынын мыкты үлгүлөрүн башка тилге которгон котормочулар катыша алат; 

  • Бир котормочунун эмгеги бир гана тилде болуусу керек;
  • Чыгарма мурда которулбаган болуусу абзел;
  • Көлөмү 100–300 бет болуусу шарт.


3.5.       Балдарга арналган сүрөттүү (иллюстрациялуу, интерактивдүү) китептерге коюлган талаптар:

  • Сунушталган эмгектер 7–15 жашка чейин балдарга ылайыктуу  болуусу керек;
  • Балдарды чынчылдыкка, мекенчилдикке ж. б. адамдык жакшы сапаттарга  үндөгөн, тарбиялык мааниси терең, дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган, улуттук баалуулуктарга бай, көркөмдүгү жогору (иллюстрациялуу, интерактивдүү) болушу максатка ылайыктуу.
  • окуу куралдары, усулдук колдонмолор;
  • тармактар боюнча энциклопедиялар; 
  • көркөм-адабий колдонмолор.

4. Конкурска катышуу шарттары:

4.1.      Автор же түзүүчүнүн конкурска катышуусу боюнча арызы керек;

4. 2.     Даярдалган эмгектер тууралуу рецензенттин пикири жана сунушу болушу керек;

4.3.      Эмгектер кагаз түрүндө (1 нускада) жана электрондук түрдө word  форматында 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5) Times New Roman арибинде (ulut_ensk@mail.ru дарегине) кабыл алынат;

4.4.      Адабий чыгармалар: проза (роман, повесть, аӊгеме, новелла, эссе, очерк), поэзия, драма жанрында катыша алат;

4.5.      Кайсы серияга талапкерлигин көрсөтүүсү зарыл;

4.6.      Плагиат (көчүрүп алган) деп табылган чыгармалар сынактык кароодон четтетилет; 

4.7.      Автор, түзүүчү же котормочу жөнүндө толук маалымат: өмүр баяны, дареги, байланыш телефондору, сүрөтү (электрондук түрдө) талап кылынат;

4.8.      Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳн кечиктирилген жана катышуу шартына ылайык тапшырылбаган эмгектер сынакка кабыл алынбайт. 

4. 9.  Саясий жана диний терс маанидеги эмгектер кабыл алынбайт.

4. 10. Талкуудан өткөн эмгектер протоколдоштурулат.

4. 11.   Эмгектер 2024-жылдын 15-апрелинен 1-июнуна чейин кабыл алынат.

5. Конкурстун жыйынтыгы:

5.1.      Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Эксперттик-редакциялык комиссия сунушталган эмгектерди тандоодон ѳткѳрѳт. Ар бир эмгектин мазмунуна, чыгармалардын адабий көркөм деңгээлине жана адабий тилдин ченемдерин, жазуу эрежелерин сактоосуна жараша баа берилет.

5. 2. Бардык талаптарга жооп берген, эксперттердин кароосунан өткөн чыгармалар жеңүүчү катары өзүнчө китеп болуп басууга даярдалат.

5.3.      Конкурстун жыйынтыгы КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын mamtil.gov.kg сайтына жайгаштырылат.

Дареги: Бишкек ш., Ч. Айтматов проспекти - 1/2, 4-кабат 

Маалымат үчүн телефондор: (0312) 21 01 55; 0550 170 150; ulut_ensk@mail.ru

Архив