Ош шаарындагы диний мекеме-уюмдарда, мечиттерде жана медреселерде мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча мониторинг иштери жүргүзүлдү

2024-жылдын 9-июлунда Улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмү жана Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү  менен биргеликте Ош шаарында жайгашкан диний мекеме-уюмдардын, мечиттердин жана медреселердин аталыштары, ичиндеги көрүнөө маалыматтар жана жазуулардын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын бузган жана кыргыз тилинин жазуу эрежелерине туура келбеген одоно каталар жеринде алынып салынды. Тил мыйзамына туура келбеген жагдайлар боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча Ош шаарынын казыятына эскертилди. 

Алдыда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер дагы да улантылат.


Архив